Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Хамид Карзай эл аралык коомчулукту Ооганстанды колдоону улантууга чакырды


Ооган президенти да БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөдү. Ал эл аралык коомчулукту саясий реформалар, калыбына келтирүү иштери үчүн жардамды улантууга чакырды. Карзай ооган коомчулугунда ишеним жогорулап бара жатканына токтолуп, көп сандагы качкындар мекенине кайтып, келерки айдагы президенттик шайлоого 10 миллондон ашуун адам каттоодон өткөнүн белгиледи. Бирок ал өлкөнү дестабилдештирүүнү көздөгөн террорчулар бар экенине тынчыздануу билдирип, бул үчүн региондун өлкөлөрүнүн жардамы керектигине токтолду:

-Терроризмдин калдыктарын жоюу эл аралык коомчулуктун гана жардамын эмес, региондун башка өлкөлөрүнөн да бекем жана чыныгы милдеттемелерди талап кылат. Террорчулардын чек ара бойлорундагы кыймылын токтотуу үчүн региондун өлкөлөрү тыгыз кызматташышы керек.

БУУнун жана Ооганстандын расмий адамдарынын айтымында, Талибан жана "ал-Каида" менен алакасы бар согушкерлер өлкөнүн түштүк аймактарына коңшу Пакистандан өтүп келүүдө. Пакистан болсо аларга каршы олуттуу чара көрүп жатканын билдирип жүрөт.

XS
SM
MD
LG