Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Социалдык камсыздоо кызматташтыгы


БИШКЕК. Пекинде өткөн Социалдык камсыздоо боюнча эл аралык ассоцациясынын башкы ассамблеясынын жыйынында калкты социалдык жактан коргоо боюнча дүйнөлүк саясаттагы жана эл аралык экономикада улуттук, аймактык ыңгайлашуу тууралуу маселелер талкууланды. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын эмгек жана социалдык камсыздоо министри Чжен Сылин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу келишимдин негизинде иш чараларды көрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн социалдык кордун төрагасы Акматбек Келдибеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле Социалдык камсыздоо боюнча эл аралык ассоцациясынын башкы ассамблеясынын президенти Йохан Верстратен менен жолугушканын билдирди.

Социалдык камсыздоо боюнча эл аралык ассоцациясынын башкы ассамблеясына 150 мамлекет мүчө. Ал эми Кыргызстан 5 миң доллар мүчөлүк акы төлөп 2004-жылы 7-майда ага кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG