Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:00

Эне менен баланын денсоолугун коргоону чет элдик уюмдар колго алууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте “Борборазия жана Казакстанда эне менен баланын денсоолугун коргоо“ боюнча форум өз ишин баштады. Форумда Борборазиядагы балдардын арасындагы ар түрдүү оорулар жана энелердин дартка чалдыгуусунун себептери изилденет.

Ошондой эле витаминдүү азыктар менен камсыздоо жана медициналык жардам берүүнүн иш чаралары каралат. Кийинки мезгилде Борборазия өлкөлөрүндө энелердин төрөттөн каза болуусу, наристелердин өлүмү жана СПИД, ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдардын саны кескин өскөн. Форумда мындай жагдайдан Борборазия өлкөлөрү кантип чыгуу тууралуу тажрыйба алмашып, кызматташуу боюнча маселе козголот.

XS
SM
MD
LG