БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү өзүнүн шейшемби күнкү токтому менен «Жаш мугалимдин депозити» деп аталган жаңы программаны бекитти. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы бүгүн кабарлады.
Программага ылайык педагогикалык жогорку жана атайын орто окуу жайларынан конкурстук негизде тандалып алынып, жалпы мамлекеттик билим берүү уюмдарына иштөөгө жиберилген 200 бүтүрүүчүнүн депозиттик эсебине айына 2 миң сомдон акча которулуп турмай болду. Ар бир жаш адистин депозиттик эсебине белгиленген акча үч жыл бою салынып, чогулган каражат келишимдин негизинде үч окуу жылы аяктагандан кийин гана адиске толугу менен кайтарылып берилет.
Жаш адис менен келишимди билим берүү министрлиги түзөт. Министрлик программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык каржы уюмдардан грант алуунун жол-жобосун иштеп чыгышы керек. Эл аралык уюмдан колдоо тапканга чейин министрлик программаны республикалык бюджет бөлгөн каражаттын чегинде ишке ашырат.
Токтомдо белгиленгенге караганда, мындай программаны өкмөт жаш кадрларга кам көрүү жана айылдардагы, шаарчалардагы мектептерге жаш мугалимдерди тартуу максатында ишке ашырууда.