Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт иштери башталды


БИШКЕК. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого депутаттыкка талапкерликке каттоодон өткөн 10940 адам үгүт иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер 330 адам, Чоңарык айылдык кеңешине депутаттыкка 17 талапкер катталган. Саясий партиялардан “Алга Кыргызстан” 41, “Адилет” партиясы 40, “Менин өлкөм” партиясы 25, Кыргызстан коммунисттери 7, “Арнамыс” 21, “Жаңы күч” 5, “Курулушчулар партиясы” 7, “Ынтымак” партиясы 2 мүчөсүн шаардык кеңешке талапкерликке көрсөтүшкөндүгүн шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Алексей Тергалинский маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, депутатыкка талапкерлердин тизмеси 27-сентябрда “Эркин тоо” гезитине жарыяланат.

XS
SM
MD
LG