Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Жерүй кениндеги иштин токтоп калганын Oxus Gold plc коррупция менен байланыштырууда


БИШКЕК. Рейтер агенттигине шилтеме берип, АКИпресс маалымат агенттиги тараткан кабарга караганда, Британиялык Oxus Gold plc компаниясы келерки үч жылда Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагындагы алтын кендеринен жылына 15,6 тонна алтын өндүрүүнү көздөп жатат. Рейтер агенттиги мындай маалыматты компаниянын корпоративдик башкаруу боюнча директору Ричард Шедке шилтеме берип таратты.

Oxus Gold plc Кыргызстандагы Жерүй кенининде 50 миллион долларлык инвестицияны иштетүүдө. Бирок ушул айдын августунда Кыргыз өкмөтү Британиялык ишканага берген лицензияны макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттемелерди аткарган жок деген негизде кайра кайтарып алган. Бирок Oxus Gold plc Жерүйдөн алгачкы алтынды 2005-жылы өндүрүүнү убада кылуу менен, бир ай ичинде лицезияны кайра кайтарып алууга үмүтү барын билдирүүдө. Ал эми макулдашуудагы милдеттемелердин так аткарылбай калышын Oxus Gold plc компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын кызматкерлеринин арасындагы коррупция менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG