Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:38

Саясий партиялардын биримдиги бийликтин алмашуусуна кызыкдар


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратында “Атамекен”, ”Арнамыс”, “Акыйкат жана прогресс”, Кыргызстан коммунисттери, “Эркин Кыргызстан”, “Жаңы Кыргызстан” саясий партияларынын жетекчилери жыйын өткөрүштү. Анда депутат Дүйшөн Чотоновдун “2005-жылдагы президентик шайлоого Аскар Акаев катыша алабы же жокпу?” деген арызынын негизинде Конституциялык соттун аныктамасы талкууга алынды.

Талкууда “Конституциялык сот бийликтин тапшырмасы менен бүдөмүк аныктама чыгарганын жана Кыргызстандагы сот системасы бийликке көз каранды экендиги” айтылды. Жыйын соңунда саясий партиялар биригип, келечекте татыктуу парламент түзүүгө жана демократиялык Конституциянын негизинде бийликти алмаштыруу максатында биргелешип аракеттенүүнү белгилешти.

XS
SM
MD
LG