БИШКЕК. Бүгүн ырасмий бийликке оппозицияда турган бир катар саясий партиялардын демилгеси менен «Кыргызстандын элдик кыймылы» аттуу бирикме түзүлдү. Аны Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, экс-премьер Курманбек Бакиев жетектемей болду. Ал эми кыймылдын курамына «Жаңы Кыргызстан», «КДК», «Эркиндик», «Республика», «Асаба», «Эрк», «Кайран эл» саясий партиялары, Коммунисттердин Бакытбек Бекбоев жана Клара Ажибекова жетектеген эки партиясы кирди. Мындай чечимди тараптар бүгүн өткөн жабык жыйынында кабыл алышты.
Жаңы Кыргызстан партиясынын төрагасы Досбол Нур уулунун маалыматына караганда, бул бирикменин максаты - шайлоонун адилеттүү өтүшүнө кам көрүү жана келерки парламенттик жана президенттик шайлоого талапкерлерди бирдиктүү алып чыгуу. Кыймылдын уюштуруу жыйыны 7-октябрга белгиленди.