Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Президент А.Акаев Кытайдын премьерин кабыл алды


БИШКЕК. Кыргызстанда ырасмий сапар менен жүргөн Кытай эл республикасынын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Вэнь Цзябаону бүгүн президент Аскар Акаев кабыл алды. Жолугушууда Акаев эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу макулдашуунун маанисине токтолду. Президенттин белгилегенине караганда, программа соода-экономикалык, аймактык коопсуздук жана маданий, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты камтыйт.

Ушул эле жолугушууда Ош–Эркечтам–Кашкар автожолунунун, Нарын каскадындагы ГЭСтин курулуштары жөнүндө сөз болду. Кытай өкмөт башчысы Кыргызстандын дүйнөлүк соода уюмуна киришин кызматташтык үчүн чоң мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи.

Вэнь Цзябаону бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев да кабыл алды. Жолугушууда Абдыганы Эркебаев эгемендүүлүк жылдарындагы кызматташтыктын жаңы деңгээлин эки мамлекеттин жетекчилигинин эмгеги катары баалады. Өнөктөштүк мамиленин бекемделишине парламенттердин да салымы бар экенин белгиледи. Алардын ичинде чегараларды демаркациялоо жана делимитациялоо жөнүндөгү макулдашуу коомчулуктун ар кыл пикирлерине карабастан, "өзүнүн үзүрлүү жемишин берип жатат", деди төрага. Кытай мамлекеттик кеңешинин төрагасы өз сөзүндө эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары соода, транспорт, байланыш, энергетика жана тоо-кен тармагын атады.

Ушундай эле маанайдагы жолугушуу бул күнү Кытай өкмөт башчысы менен Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин ортосунда да болду.

XS
SM
MD
LG