Алар республиканын президенти Кирсан Илюмжиновдун отставкага кетишин талап кылып демонстрацияга чыгышкан. Акциянын соңунда 80ге жакын киши камакка алынып, беш адам ооруканага жеткирилди. Калмыкиянын оппозициячыл коммунисттик партиясынын басма сөз өкүлү Маргарита Пиянова нааразылык акциясына катышкан 2,5 миңдей адам полиция менен кагылыша кеткенин билдирди.
Эки күндөн бери өтүп жаткан демонстрацияга Элиста шаарынын акими тыюу салган болчу. Ага катышкан адамдар Илюмжиновду адам укуктарын бузганы, мамлекеттик казынага кол салганы, оппоненттерин куугунтуктаганы, өз кызмат милдетин аткарбаганы үчүн айыптоодо.
Жаңылыктар түрмөгүн даярдаган Венера Сагындык кызы, Прага.