Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Кофи Аннан бардык өлкөлөрдү мыйзамдарга баш ийүүгө үндөдү


Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бүгүн Балкандагы өлкөлөр жана Пакистандын жетекчилери сөз алышат. Жыйындын алкагында Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Пакистандык кесиптеши Первез Мушарраф менен эки тараптуу жолугушуу өткөрмөкчү.

Кечээ Ассамблеяда чыгып сүйлөгөн Буш Ирак жана Ооганстандагы саясатын коргоп, бул өлкөлөрдө демократия жана адам укуктарын орнотуу – дүйнө коомчулугуна пайда алып келчү тарыхый озуйпа деп белгилеген. Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан эл аралык коомчулукту эң ириде мыйзамдарга баш ийүүгө үндөдү.

- Өз аймагында мыйзам үстөмдүгүн жарыялаган ар бир мамлекет чет өлкөлөрдө да ошол принципти сакташы керек. Чет жактан мыйзамдуулукту талап кылган ар бир улут өз мекенинде да ошондой болушун көзөмөлдөөгө тийиш, - деди Аннан.

Эл аралык жыйында Бразилия, Германия, Индия жана Жапония биргелешип, Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болуу кампаниясын баштаганын жарыялашты.

XS
SM
MD
LG