Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Ысыккөл облусунда 277 экономикалык кылмыш иши катталган


КАРАКОЛ. Иш-чарада облустун прокурору Жумадыл Макешов, облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси Бакыт Алымбеков жана облустук салык инспекциясынын, электр тармактар ишканасынын жетекчилери сегиз айдын жыйынтыктары боюнча отчёт беришти.

Облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, өткөн сегиз айдын ичинде 277 экономикалык кылмыш иши катталып, андан облус 4 млн. сомго жакын зыян тарткан. Каракол эркин экономикалык аймагындагы 18 субъект кайра каттоодон өткөн эмес. Дээрлик көпчүлүк эс алуу жайларында салык төлөөнүн деңгээли өтө начар. Ошондой эле акыркы эки жылдан бери контрабанда боюнча бир да кылмыш иши катталган эмес. Облус губернатору Токон Шайлиева бул фактыга ишенбей тургандыгын билдирип, экономикалык жашыруун кылмыштарга жергиликтүү жетекчилердин өздөрү барып жаткандыгын коллегияда ачык айтып, мындан ары аларга эч айоо болбостугун маалымдады.

XS
SM
MD
LG