БАТКЕН. Облустук акимчиликтин алдындагы туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча департамент Баткендеги атуулдук коомду колдоо борбору менен биргелешип жыйын уюштурду. Ал Тажикстандан көчүп келген улутташтарыбыз жашаган Баткендеги Четбулак айылында өттү. Этникалык кыргыздарды социалдык мобилизациялоо жолу менен жакырчылыкты жоюга көмөктөшүү макстында өткөн мындай жыйында кичи кредит, чакан гранттар менен иштөө, донордук жана бейөкмөт уюмдар менен кызматташын өнүктүрүү жолдору жөнүндө түшүнүк берилди.
Жамааттык өз ара жардамдашуу топторун түзүү аркылуу көйгөйлүү маселелерди чечүү мүмкүндүгү айтылды. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Тажикстандагы атуулдук согуштун айынан улам Яван районунан жер оодарып келишкен улутташтарыбыздын айтымында Четбулак айылында бир арыкта да агын суу жок, ичүүчү суу күнүнө бир саат гана берилет, Кыргызстандын атуулдугун алышкандары менен жер үлүшүн бөлүп берүү маселеси ушул күнгө дейре чечилбей келет. Аталган айылда эки жүз чакты этникалык кыргыздар жашайт.