БИШКЕК. Бүгүн “АКИпресс” маалымат агенттигинде 10-октябрда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу “Шайлоо алдындагы кампания-2004” "тегерек үстөл" жыйыны болуп өттү. Анда шайлоого байланыштуу маалыматтар ар бир жумада интернетке чыгарылып, ар жумада "тегерек үстөл" жыйындары өткөрүлө тургандыгы айтылды.
Жыйынга саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер жана борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев катышты. Төраганын айтымында, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан шайлоочулардын тизмеси толук түзүлө элек. Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бюллетень салуучу тунук үкөктөр колдонулуп, видеотасма, фотосүрөттөргө тартууга уруксат берилет.
Ошондой эле өлкө боюнча 6748 орунга 10940 талапкер катталган. Алардын 20% ашууну аялдар. Алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга 42 саясий партиянын ичинен 8 партия гана талапкерлерин көрсөткөндүгүн Сулайман Иманбаев билдирди.