"Ак жол" - партиялык тизме боюнча парламенттен болгону бир орун алган жалгыз оппозициячыл уюм. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн тараткан маалыматтарга караганда, парламенттин төмөнкү палатасы - мажилистин партиялык тизме үчүн бөлүнгөн 10 ордунун жетөөсүн президент Н.Назарбаевдин "Отан" партиясы ээледи. Калган эки орундун бири президентчил "АИСТ" партиясына, экинчисин президенттин кызы Дарига лидерлик кылган "Асар" партиясына тийди.
Бир мандаттуу округдарды кошкондо "Отандын" 33, "АИСТ"тин 10, "Асардын" 3 депутаты бар. 8 орунду көз карандысыз талапкерлер жеңип алган. Мажлистеги 77 орундун калган 22си үчүн эми экинчи айлампа өткөрүлөт. ЕККУ да, АКШ да Казакстан эркин жана адилет шайлоо өткөрүү боюнча убадасын аткарбаганын билдиришти.