Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

Италиянын өкмөтү Иракта барымтадагы эки италиялык өлтүрүлгөндүгүнөн күмөнсүнөт


Барымтадагы италиялык эки аял өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматты Интернет аркылуу "Жихад уюму" деген топ тараткан эле. Барымтачылар аялдарды Италия Ирактагы аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болбогону үчүн өлтүргөнүн билдирген.

Барымтадагы италиялыктарды өлтүргөнүн башка да топ, "ал-Каиада" менен байланышы бар деп саналган согушкер ал-Заркаунин жактоочулары да маалымдашкан. Бул топ ушул аптада барымтадан эки америкалыкты мерт кылган. Эгер Ирактагы түрмөлөрдөн аялдар бошотулбаса, колундагы үчүнчү адамдын- британиялыктын да өмүрүн кыярын эскертүүдө.

Ирактын премьер-министри Ияд Аллави Саддам Хусеиндин тушунда биологиялык курал жаатында адис болуп иштеген аялды абактан бошотуудан баш тартты. Британ тышкы иштер министри Жек Стро өз кезегинде буларды билдирди:

-Британ өкмөтүнүн турумун эч нерсе өзгөртө албайт. Биз террорчулар менен кандайдыр бир макулдашууларга барууга укуксузбуз. Бул Иракта гана эмес, бүткүл дүйнө боюнча көп сандагы адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратууга гана алып барат.

Ирактын премьер-министри Ияд Аллави бүгүн АКШ Конгрессинде сүйлөгөн учурунда өлкөдөгү терс көрүнүштөргө карабай, стабилдүүлүк үчүн күрөштө ийгилик жаралып жатканын, шайлоо мурда белгиленгендей эле келерки жылдын январында өтөрүн белгиледи. Аллави бүгүн Ак үйдө президент Жорж Буш менен да жолугат.

XS
SM
MD
LG