Тараптар Ирактагы азыркы кырдаалды талкуулашты. Кошмо Штаттары Иракка кошумча аскер контингентин жибербей тургандыгын бышыктап, Буш Вашингтондо Ияд Аллави менен өткөргөн пресс-конференцияда мурдагы диктатордук режимдин тарапкерлери жана террордук топтор ирактыктарды шайлоого катышуу укугунан ажыратып, союздаштардын духун түшүргөнгө умтулуп жатат деп билдирди. Буш ошол эле учурда январдагы шайлоо алдында Иракта кооп-козголоң күч аларын да эскертти.