Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИ СЫНАЛГЫ АРКЫЛУУ ӨЗ ЫРЛАРЫН ОКУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов жакында ырлар жыйнагын чыгарды жана андагы чыгармалар мамлекеттик сыналгы аркылуу окулууда. Сентябрдын башында болсо Ниязовдун "Рухнама" аттуу китебинин экинчи бөлүгү жарык көргөн жана парламенттин сессиясында ал китепти окуу уюштурулган. Азыр түркмөн мектептеринде "Рухнама" боюнча күнүгө сабак өткөрүлөт. Эгер анын мазмунун жакшы билбесең, машине айдоого уруксат берген күбөлүктү дагы ала албайсың.

Сталиндин учурунда СССРде химия же физика боюнча чыккан орчундуу китептин баарынын биринчи бетинде улуу жол башчынын сүрөтү басылып чыкчу. Советтик окумуштуулар Сталинди тил таануу илиминин кеменгери деп да атачу. Азыр деле кээ бир борбор азиялык жумурияттарда илимий эмгектердин биринчи бетинде учурдагы президенттердин сүрөттөрү басылат. Бирок бул багытта алардын баарынан өзүн Түркмөнбашы деп атаган Сапармурад Ниязов алдыга чыкты.

22-сентябрда Түркмөнстандын мамлекеттик сыналгысы өз берүүлөрүн күтүүсүздөн токтотуп, эки саат бою обону Ниязовдун "Эргүү жазы" деп аталган ырлар жыйнагынан алынган чыгармаларга арнады. Ал ырларды атайын артист же башка адам эмес, президент Ниязов өзү окуду:

"Аким, окумуштуу, койчу - баары тең.

Бул - менин демократиям.

Түркмөндөр курулушта.

Курулуш - пайгамдардын жолу.

Түркмөндөр чыгармачылыкта.

Чыгармачылык Кудайдын жолу.

Түркмөндөр бешенелүү болууда.

Алланын сүйгөн уулу Сапармурат Түркмөн

Ак ниет жашап-иштейт,

Бул - менин демократиям".

Ырлар жыйнагынын алдында Ниязов эки томдуу "Рухнама" китебин жазган жана ал китеп азыр окуу программаларына киргизилип, ар бир мектепте анын мазмуну боюнча күнүгө сабак өткөрүлөт.

"Рухнаманын" биринчи тому 2001-жылы чыккан, экинчи томдун бет ачары болсо сентябрдын он экисинде өткөрүлдү. Анын алдында, 23-августта парламентте аны окуу уюштурулган. Спикер Овезгелди Атаев "Рухнаманы" жөн китеп эмес, анын үстүндө ар бир түркмөн өткөн менен азыркы турмуш жөнүндө ойлонуп, сүкүт чалып отура турган китеп деп, аны депутаттар алдында өптү.

Ошол эле айда парламент атайын чечим кабыл алып, машине айдоого уруксат алууну каалагандарды "Рухнаманын" мазмуну боюнча экзамен берүүгө милдеттендирди. Марксизм-ленинизм азыр Түркмөнстанда жаңы сабак менен алмаштырылууда.

Китептин биринчи бөлүгүндө түркмөндөрдүн тарыхы жана президент Ниязов менен анын туугандарынын андагы орду тууралуу айтылат. Экинчи том болсо негизинен жаштарга багытталган насыяттардан турат. Түркмөнбашынын айтымында, аталар балдарды жакшы тарбиялап, мугалимдер окуучуларга алдыңкы билим берүүгө тийиш.

2002-жылы Ниязов атайын жардык чыгарып, сентябрь айдын атын өзгөрттү, эми ал "Рухнама айы" деп аталат. Быйыл 11-сентябрда болсо түркмөн парламенти өзүнүн атайын чечими менен өлкөдөгү эң бийик тоону "Улуу Түркмөнбашынын чокусу" деп атады. Ашгабаттын көчөлөрүндө Ниязовдун алтын бууланган айкелдери коюлду, шаар алдында азыр бир франциялык компания чоң мечит куруп жатат, анын дубалдарына Курандан алынган аяттар менен кошо "Рухнамадан" алынган үзүндүлөр дагы жазылмакчы.

1999-жылы өмүрүнүн аягына чейин президент болуп шайланып, "Түркмөнбашы" деген наамга расми түрдө ээ болгон Ниязов дагы бир топ жаңы эрежелерди киргизди. Мисал үчүн, жаштар алтын тиш салдырбаш керек, мектепте окуган кыздар башына жоолук салынып, узун көйнөк кийип жүрүүгө тийиш, чет өлкөлүктөр менен нике кыйгандар мамлекеттик казынага ири өлчөмдө акча төлөш керек, андан тышкары сакал өстүрүүгө, тамеки чегүүгө, денеге сүрөт тартууга жана кечки саат он бирден кийин музыканы катуу ойнотууга Түркмөнстанда тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG