Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Нарын облустук шайлоо комиссиясы маалымат жыйынын өткөрдү


НАРЫН. Пресс-конференцияда алдыдагы шайлоодо объективдүү маалыматтарды берүү жөнүндө сөз болуп, өткөн жумада республикалык массалык маалымат каражатарында жарыяланган Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасынын бошотулгандыгына байланыштуу тактоолор киргизилди. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиевдин айтымында, Нарын шаардык шайлоо комиссиясы участалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүүдө Шайлоо кодексин бузгандыктан төрагасы менен катчысы өз арызы менен жумушунан бошотулган.

Ал эми облус боюнча 1136 талапкер каттоодон өткөн. Жүргүзүлгөн иштерге карабай аялдар пассивдүү болуп, 237 аял гана талапкер болгон. Себеби күрөгө коюуга акчаларынын жоктугунан дейт төрага. 128 талапкер болсо өзүн өзү көрсөтүп, жакшы жетишкендиктерди көрсөттү деп кошумчалады Молдалиев.

XS
SM
MD
LG