Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

А.Акаев АКШга барат


БИШКЕК. 25-сентябрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган делегация АКШга Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 59-сессиясына катышуу үчүн жөнөйт. Делегация 25-27-сентябрь күндөрү АКШнын Юта штатында болуп, штаттын губернатору Олен Уолкер жана ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушат. Визит маалында Юта штаты менен Талас областынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлат. Президент Акаев 28-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 59-сессиясына катышып, жалпы талкууда сөз сүйлөйт. БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан, Өнүгүү программасынын администратору Маллок Браун менен жолугушуп, пикир алышат. Андан кийин Бостон шаарында Акаевдин «Келечекке ишеним менен ой толгоо» аттуу китебинин бет ачары болуп, Гарвард университетинде сөз сүйлөйт. Мындай маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG