Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Улуу Британиядан Кыргызстанга уулу зат ташылып келбейт деп айтылууда


БИШКЕК. Улуу Британиядан Кыргызстанга ураны бар 1 миң 800 тонна калдык ташылып келатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн Карабалта тоо-кен комбинатынын директору Нарынбек Кожакматов билдирди. Анын айтымында, уран калдыктары ташылып келатат деп Улуу Британиядагы «Гардиан» гезити туура эмес маалымат жарыялаган.

«Гардиан» гезити биринчи муундагы «Магнокс» аттуу атомдук реакторлорду Кыргызстандын Карабалта тоо-кен комбинатында кайра иштетип, чыккан уранды алаарын кабарлаган. Ага кыргыз өкмөтү менен бейөкмөт уюмдар каршы болуп, бейөкмөт уюмдар ассоциациясы эгер долбоорду ишке ашырууга өкмөт макул болсо толук курамы менен кызматтан кетүүсүн талап кылышаарын расмий түрдө жарыялашты. Ал эми «Гардиан» гезитинин маалыматы жалган болсо сотко беришээрин билдирди.

Карабалта тоо–кен комбинатынын жетекчиси Нарынбек Кожакматов болсо атомдук реакторлордун тутумунда 5 процент уран, 95 проценти графит бар, аны иштетүүдөн экологиялык эч кандай зыян жок деп, комбинат кеминде 1 миллион доллар пайда көрөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG