Кечээ кечинде Конгресстеги угууга катышкан Маңзаттар боюнча эл аралык бюронун өкүлү Роберт Чарльз АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын маалыматына таянып, Ооганстанда былтыр апийим 61 миң гектардай аянтка айдалса, быйыл анын жалпы аянты 100 миң гектарга чейин барганын билдирди. Ооганстандын президенти Хамид Карзай Улуттар уюмунун ассамблеясында маңзаттар аткезчилиги - өлкөдөгү жана жалпы Борбор Азиядагы коопсуздукка коркунуч келтирген башкы жагдай экенине көңүл бурган.