Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

БУУ Гаитидеги кырдаалды көзөмөлгө алды


БУУнун бейпилдик күчтөрү – албууттанган суу ташкыны жана жер көчкүлөрү 1100дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Гаитидеги коопсуздукту күзөтүүдө. Эл аралык күчтөрдүн өкүлү – Кариб аралдарындагы кедей өлкөдөгү тартипти сактоого бүгүн дагы кошумча аскерлер киришкенин маалымдады. Мындай чечим жергиликтүү жашоочулар жардамга келген тамак-аш жана башка буюмдар үчүн өз ара кагылыша кеткенден кийин кабыл алынды.

Гаитинин өкмөтү – жаратылыш кырсыгынан кийин дайынсыз жоголгон адамдардын саны 1000ден ашуун болгондуктан, курмандыктардын саны 2000ден ашышы мүмкүн деп эскертүүдө. "Жанна" деп аталган айланага алай-дүлөй салган тропикалык катуу шамалдан Гаитиде бардыгы болуп 250 миңдей киши зыян тартты.

XS
SM
MD
LG