Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:13

А.Масхадов Ш.Басаев согуш бүткөндөн кийин соттолот деп жарыялады


Чеченстандын мурдагы президенти А.Масхадов Бесландагы кандуу окуялар үчүн Ш.Басаев согуш бүткөндөн кийин соттолот деп жарыялады. Түндүк Осетиядагы Беслан шаарында миңден ашуун мектеп окуучуларын, ата-энелери, мугалимдери менен кошо барымтага алып, аягында 330дан ашуун кишинин өмүрүн алган окуялар үчүн жоопкерчиликти Басаев өзүнө алган.

Орусиянын бийликтери ал кандуу окуялар үчүн Басаев менен Масхадовду бирдей күнөөлөп, аларды кармап берүүгө жардам берчү адамга 10 млн. долларлык сыйлык сунуштаган. Интернет-басылмада жарыяланган билдирүүсүндө Масхадов Бесландагы барымтага эч кандай тиешеси жоктугун кайталаган. Бирок Чеченстандагы согуш террорчул аракеттерге түрткү болуп жатканын эскерткен. Орусия аскерлеринин өкүлү Илья Шабалкин өткөн түнү Чеченстанда кеминде 9 козголоңчу өлтүрүлгөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG