Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:33

Ирактык шийилердин рухий лидери шайлоонун өз убагында өтүшүн жактайт


Аятолла Али ас-Систани январ айына белгиленген шайлоо убагында өтүшүн жактай турганын анын басма сөз өкүлү Хамид Хаффаф жарыялады.

- Систани мырза буларды колдойт: биринчиден, шайлоо өз убагында өтүшү керек. Экинчиден, ал шайлоого байкоо жүргүзүүдө Улуттар уюму негизги ролду ойношу абзел. Ошондо гана ал шайлоого ишенич бекемделип, ирактыктар мыйзам чыгаруу жана конституциялык кеңештер – элдин кызыкчылыгын көздөөрүнө ынанат.

Анын алдында АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд кагылышуулар уланып жаткан айрым аймактарда шайлоо өтпөй калышы мүмкүн деп эскерткен. Кечээ АКШ Конгрессинде сүйлөгөн Ирактын утурумдук премьери Ийад Аллави өлкөдөгү 18 провинциянын 14үндө кырдаал толугу менен тынчыганын билдирген.

XS
SM
MD
LG