Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алындыгынын 15 жылдыгы Ысыккөлдө белгиленди


КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университетинде "Эне тилим - эне сүтүм ыйыгым", ал эми облустук маданият башкармалыгында "Ырдайлы, кыргыз ырларын" аттуу кароо-сыныктар, балдардын облустук билим борборунда жаш акындардын поэзия кечеси өттү. Филология илимдеринин доктору Акеш Имановдун пикиринде, кыргыз тилине мамлекеттик тил деген статус берилгени менен он беш жылдан бери көп деле байкаларлык өзгөрүү болгон жок. Маселен, расмий документтер орус тилинде даярдалып, чогулуштар дээрлик орус тилинде өтөт. Кийинки кезде кыргыз тили жарды тил деген пикирлер пайда болду. «Манас эпосун жараткан кыргыз тилин жарды тил деп айтуу акылга сыйбаган иш», - дейт Акеш Иманов.

XS
SM
MD
LG