Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Нарын облусундагы массалык маалымат каражаттары шайлоо иштерине катышуунун жол-жобосу менен таанышууда


НАРЫН. 25-сентябрда Нарындагы демократияны колдоо борборунда "Маалымат алуунун өзгөчөлүгү, массалык маалымат каражаттарынын жана журналисттердин юридикалык коопсуздугу" деген аталыштагы эки күндүк тренинг башталды. Ага Нарындагы массалык маалымат каражаттарынын журналисттери катышууда. Бишкектеги "Укуктук маалымат борбору" коомдук бирикмеси уюштурган бул тренингде алдыдагы шайлоолордо үгүт иштерин жүргүзүүгө массалык маалымат каражаттары менен журналисттердин катышы тууралуу өзгөчө сөз болду. Үгүт иштеринде талапкерлер менен массалык маалымат каражаттарынын укугунун бузулбашы зарыл. «Ошондуктан Шайлоо кодексиндеги жана шайлоого тиешелүү башка мыйзамдардагы айрым беренелерге токтолуп, журналисттерге түшүндүрөбүз»,- дейт тренингдин юристи Акмат Алагушов. Бул тренинг ЕККУнун колдоосу менен уюшурулуп, эл аралык "Интерньюс" уюмунун жана журналисттер коомдук бирикмесинин юристтери чакырылган.

XS
SM
MD
LG