Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Жергиликтүү жамааттар өз көйгөйүн чечүүгө киришти


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөлдүн жээгиндеги «Акбермет» пансионатында улуттук өнүгүү тармагынын форуму болду. Ал жергиликтүү жамааттардын аракетин арттырып, айыл-кыштактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жолдорун аныктоо маселесине арналды. Форумга Кыргызстандын бардык областарындагы жергиликтүү жамааттардын 60тан ашыгы өкүлү катышып, тармактын ички иштөө тартибин бекитишти. Анда бийликтин жардамысыз эле ишке аша турган реалдуу долбоорлорду даярдап, турмушка ашыруу менен айыл жеринин көйгөйүн чечүү максаты алдыга коюлду. Форумду өткөрүүгө «Сорос-Кыргызстан» фондусу каржылык жардам берди. Мындай маалымат өнүгүү тармагынын координатору Асел Умаровадан алынды.

XS
SM
MD
LG