Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:25

Жергиликтүү кеңештин депутаты болом дегендер ат салышууда


БИШКЕК. Жергиликтүү кеңештердин депутаттык ордун ээлөө үчүн Кыргызстандагы 18 саясий партиянын 4 миң 28 талапкери ат салышууда. Алардын 1 миң 875и «Алга, Кыргыстан», 1 миң 547си «Адилет», 219у «Жаңы күч», 162си «Элет», 113ү «Менин өлкөм» саясий партиясынын талапкерлери. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, азыр үгүт иштери күч алып, талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрө баштады. Комиссия төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдирүүсү боюнча, добуш берүү маалында бардык шайлоо участкаларына тунук үкөктөр коюлат жана добуш берүүлөрдү фотосүрөткө, видеотасмага тартып алууга уруксаат берилет. Бирок, БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандын шайлоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорун ишке ашырууга акча бериле элек. «Ушундан улам БШК президент Аскар Акаевдин наамына кат жолдоп, бул маселени БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан менен жолугушкан кезде айтууну өтүндүк», - деп Сулайман Иманбаев Аки-пресс агенттигинде өткөн жыйында билдирди. БУУнун Өнүгүү программасынын аталган долбоору үчүн 3 миллион доллардан ашык каражат жумшалаары мурда кабарланган.

XS
SM
MD
LG