Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:27

АКШда “Арнамысчылар” пикет өткөрөт


БИШКЕК. «28-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинин жанында “Арнамыс” саясий партиясынын мүчөлөрү жана Кыргызстандын АКШда жүргөн атуулдары пикет өткөрүшөт», - деп билдирди бүгүн “Арнамыс” партиясынан “Азаттык” үналгысына. Пикетке катышкандар бул акция менен Кыргызстанда адам укуктары сакталбай, эл аралык келишимдерди бузууга жол берилгенине жана “Арнамыс” партиясынын төрагасы Феликс Куловго карата соттун туура эмес чечимдерине нааразылыктарын билдиришет. Ошондой эле бул маселе боюнча президент Аскар Акаевдин ачык жооп беришин талап кылышат.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG