БИШКЕК. Кыргызстандын Каржы министрлиги «Кумтөрголд» компаниясынын акциясын сатуудан түшкөн 85 миллион доллар кайда кеткендигин сураштырган «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмуна расмий жооп берди. Анда «Кумтөрголд» компаниясынын негизинде түзүлгөн «Центерра голд» компаниясынын акциясын сатуудан түшкөн акча кыргыз өкмөтүнүн Улуттук банктагы эсебине сентябрь айында түшөөрүн жана ал акча 2005-жылдан тарта билим берүү менен саламаттык сактоо тармагына сарпталаарын кабарлаган. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова министрликтин мындай жообу канааттандырбасын, себеби, өлкө атуулдары эл байлыгы кайда экендигин билбей жаткандыгын билдирди. Ушундан улам уюм өкмөт башчы акча кайда экендигин парламентте так айтып берүүсүн талап кылган катты Мыйзам чыгаруу жыйынынын коррупцияга каршы күрөшүү жана социалдык маселелер боюнча иш алып барган эки комитетине жолдоду.