Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

Кыргыз президенти АКШда


БИШКЕК. Бүгүн мамлекет башчы Аскар Акаев баштаган делегация АКШга Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 59-сессиясына катышуу үчүн жөнөп кетти. Делегация 25-27-сентябрь күндөрү АКШнын Юта штатында болуп, штаттын губернатору Олен Уолкер менен жолугушат. Президент Акаев 28-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 59-сессиясында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан жана Өнүгүү программасынын администратору Маллок Браун менен жолугушуп, пикир алышат. Андан соң Бостон шаарында Акаевдин «Келечекке ишеним менен ой толгоо» аттуу китебинин бет ачары болуп, Гарвард университетинде сөз сүйлөйт. Ошондой эле «ВМС-енд-Созармид» жана «Юи-Сент-Синтетин» компанияларынын жетекчилери менен жолугушат. Делегациянын курамында Кыргызстандык ишкерлер да бар. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG