Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:25

Греция Македония менен талашын жөнгө салууга ниеттенет


АФИНА. Греция кошуна Македониянын атына байланыштуу келип чыккан талашты жөнгө салууга аракет жасай турганын билдирди. Бул билдирүүнү Греция Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында анын жогорку даражалуу дипломаты менен Улуттар уюмунун ортомчусу Маттеу Нимецтин жолугушуусунан кийин жасады. Грек өкмөтү кошуна өлкөнүн" Мурдагы Югославиянын Македония республикасы" деген ат менен чакырылышын каалайт. Македония бул ат менен 1993-жылы Улуттар уюмуна мүчө болуп кабал алынган. Грециянын көз карашында, өзүн "Македония" деп атоо менен кашуна өлкө Грециянын мыйзамдуу маданий мурасына ортоктош болугусу келип жатат. Грециянын Македонияга чектеш аймагында Македония деген аты уйкаш провинциясы бар.

XS
SM
MD
LG