Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Германия Ливиядан кенемте акчанын төлөп беришин талап кылууда


БЕРЛИН. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер, эгерде Ливия Берлиндеги дискотекада 1986-жылы жардырылган бомбадан курман болгондор үчүн кенемте акча төлөбөсө түндүк Африка өлкөсүнө пландаштырылган визитинен баш тартаарын айтты. Бул жөнүндө кабарлаган немец өкмөт өкүлү Шрөдер Ливияга кенемтенин биринчи траншы которулганда гана бараарын айтты. Визит 15-октябрга пландаштырылган. Ливия эки ортодо август айында жетишкен макулдашуу боюнча, 35 миллион доллар кенемте акчанын алгачкы 15 миллион долларлык өлчөмүн ушул айдын башында котормок. Дискотекада болгон жардыруда 160тан ашык киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG