ЖАЛАЛАБАД. 26-сентябрда аяктаган "Адам аткезчилигине каршы" иш-чаралар Кочкората жана Майлысуу, ошондой эле, Ташкөмүр шаарларында АКШнын ЮСАИД агенттиги каржылаган "Интернейшнл Винрол" долбоорунун алкагында уюштурулду. Коомчулуктун байкоосу боюнча бул шаарлардагы жаштардын көбү ишсиз жана ошондуктан Орусия, Казакстанга кетишкен. Жумушсуз жаштар акча табуунун айынан жалган фирмаларга алданбашы үчүн облустагы атуулдук коомду колдоо борбору менен жаштар комитетинин өкүлдөрү аларга коопсуздук чараларын үйрөтүштү. Ыңгайсыз учурда укугун коргоп калуусу үчүн эл аралык уюмдар менен Кыргызстандын элчиликтеринин башка мамлекеттердеги дареги бар китепчелерди таркатышты.