Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Мектепке Аксы окуясында курман болгон Э.Четимбаевдин аты берилди


БИШКЕК. 25-сентябрда Жалалабад облусуна караштуу Аксы районунун Карасуу айылында 2002-жылдын 17-мартындагы окуядан курман болгондордун бири Эркиналы Четимбаевдин аты ыйгарылган мектепте жыйын өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Орозбек Дуйшеев, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Дооронбек Садырбаев, саясатчылар Үсөн Сыдыков, Кубанычбек Апас, Аксы райондук кеңештин жана билим берүү бөлүм жетекчилери, райондун тургундары катышты. Карасуу айылындагы бул жыйынга катышып келген Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун бугүн «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү маалымдады:

- Бул жыйында сүйлөгөн адамдардын баары эле Аксы окуясында курман болгондорду эскеришти. Алар бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган каргашага күнөөлүү адамдар бүгүнкү күнгө чейин жоопко тартылбай келгендиги жөнүндө айтып жатышты. Бир чети кубанычтуу окуя болгону менен – мектепке Эркиналынын аты берилгендиги, экинчи жактан бул кайгылуу нерсе экендиги жыйында сезилип турду. Адар бул иш-чарага Жалалабад облусунун губернатору, Аксынын акиминин келип коюшпагандыгына карата да нааразылыктарын билдиришти.

Турсунбек Акундун айтымында Эркиналы Четимбаевдин аты коюлган мектеп ЮСАИД эл аралык уюмунун долбоорунун негизинде курулду. Мектептин курулушуна маркумдун атасы Момбек Четимбаев 45 миң сом кошту.

Жыйында Эркиналы Четимбаев атындагы фонддү тузүү жонүндө чечим кабыл алынды. Ал эми Аксы окуясында курман болгондордун бири Кадыркул Сапаралиевдин аты берилген Кызылкөл айылындагы мектеп азырынча бүтө элек.

XS
SM
MD
LG