Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Президент А.Акаев АКШнын Юта штатында


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясы АКШнын Юта штатына келди. 27-сентябрда Акаев аталган штаттын губернатору Олен Уолкер менен, ошондой эле делегациянын курамындагы кыргыз ишкерлери менен бирге штаттын бир катар компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу бүгүн Юта штатынан президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев «Азаттыкка» билдирди:

- Мына азыр президентибиз АКШнын Юта штатында журүп жатат. Бул штатта негизинен айыл-чарба, өнөр жай тармагында бир топ компаниялар Кыргызстанда ишин баштоого кызыгып жатышат. Бул боюнча эртең бир топ жолугушуулар болмокчу.

Ал эми 28-сентябрда президент Акаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 59-сессиясында сөз сүйлөмөкчү. Ушул эле күнү өлкө башчысы БУУнун баш катчысы Кофи Аннан жана уюмдун Өнүгүү программасынын администратору Маллок Браун менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG