Чеченстандын Шатой районунда бүгүн таң эртелеп, жолдо бараткан орусиялык аскерлердин автоколоннасына чабуул жасалды. Андан эки аскер өлдү жана төртөөсү жарадар болду.
Кечээ кечинде Грозныйда бир офицер менен Федералдык коопсуздук кызматынын үч кызматкерин атып кетишкен. Аскерлер шаарда жол күзөтүндө турушкан болчу. Алар жолдон өтүп бараткан машинени токтотуп, анын жанына барышканда, машинеде олтургандар аларга ок чыгарышкан.
Ошол эле учурда Ингушетиядагы Сурхахи кыштагынан алыс эмес жерде 25ке жакын куралчан адамдар менен аткылашуу болду. Куралчандардын үчөө өлдү, калгандары качып кетишти.