Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:39

Ооганстанда 61 тонна маңзат кармалды


Ооганстандын Ички иштер министри Али Ахмад Жалали жергиликтүү полиция апийимден героинди өндүрүү менен алектенип келген 47 лабороториянын очогун бузгандыгын жана 61 тонна маңзат тапканын кабарлады.

Министр бүгүн билдиргендей, Нангархар шаарынын төрт жеринде өткөн жумада өткөрүлгөн кыдыруу ишинин жыйынтыгында, маңзатты өндүрүү менен машыккан 12 адам колго түшүрүлгөн.

Ооганстан дүйнө боюнча героиндин эң чоң булагы катарында таанымал. Reuters маалымат агенттигинин кабарына ылайык, өткөн жылы өлкө 1 млрд. 200 млн. долларга баалануучу 3 миң 600 тонна апийим өндүргөн.

XS
SM
MD
LG