Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

Фаллужага 24 саат ичинде 3 жолу чабуул жасалды


Америкалык аскерлер өткөн түнү Ирактын Эл-Фаллужа шаарына дагы бир жолу абадан сокку урушту. Алардын айтымында, чабуул Абу-Мусаб ас-Заркави жетектеген экстремисттик топтун өкүлдөрү олтурушкан имаратка жасалды. Жергиликтүү дарыгерлер бул операциядан 8 адам өлүп, 17си жарадар болгондугун кабарлашты. Бир эле күндө 3 жолу жасалган чабуулдун буга чейинки экөөсүнөн 7 адам көз жумган, дагы 13ү жаракат алган. Алардын арасында жаш балдар менен аялдар да бар болчу.

XS
SM
MD
LG