Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Иракта январга белгиленген шайлоо өтпөй калышы ыктымал


26-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ирактагы козголоң курчуп баратканын айтты. Анын айтымында, январда өтөт деп белгиленип жаткан шайлоону болтурбоого багытталган козголоңчуларды жеңүү үчүн Кошмо Штаттары аракеттерин дагы күчөтүшү зарыл.

Ирактын премьер-министринин Улуттук коопсуздук иштери боюнча орун басары Бахрам Салех Assоciated Press маалымат агенттигине берген интервьюсунда январга белгиленген президенттик шайлоону өлкөнүн баардык аймактарында өткөрүү мүмкүн болбой калышы да ыктымал экендигин айтты. Салех анын өкмөтү январдагы шайлоону өткөрүүгө милдеттүү экендигин билдирүү менен, ошол эле учурда, “козголоңчулар добуш берүү жараянына сөзсүз тоскоолдук кылуу аракетин көрүшөт” деди.

Салех бул тууралуу Ирактын утурумдук өкмөт башчысы Айад Аллави өлкөнүн айрым белүктөрүндө шайлоо өткөрүү кооптуу экендигине карабай, баары бир добуш берүү жараяны жалпы өлкө аймагында өз убагында өтө тургандыгын айткандан кийин билдирди.

XS
SM
MD
LG