Түркиянын парламенти Кылмыш кодексине өзгөртүү-толуктоо киргизүүгө макулдук берди жана ошонусу менен өлкөнүн Европа биримдигине мүчө болушу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого жол ачты.
26-сентябрда атайын чакырылган отурум убагында депутаттар жаңы Кылмыш кодексинен өмүрлүк жарынын көзүнө чөп салганы үчүн түрк жаранын кылмыш жоопкерчилигине тартууну караган статьяны алып салды.
Эми 6-октябрда Еврокомиссия Түркия менен анын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо керекпи же жокпу деген маселени карап, тийиштүү чечим кабыл алууга тийиш.