Колин Пауэл америкалык аскерлер менен куралчандардын ортосундагы кагылышуулар улам күчөп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, куралчандар январга белгиленген шайлоону үзгүлтүккө учуратууну каалашат, бирок Кошмо Штаттары аларды жеңгенге аракетин күч алдырмакчы.
Кечээ козголоңчулар кармап турган Фаллужа шаарын америкалык учактар 24 саат ичинде үчүнчү жолу бомбалашты. Жергиликтүү маалымат каражаттары сегиз киши каза таап, 17си жараат алгандыгын жазып чыгышты. Курмандыктардын арасында аялдар жана балдар да бар.
Ал эми Латифия шаарында куралчандар Ирактын Улуттук Гвардиясынын кызматкерлери коштоп келаткан мунай танкерлерине кол салганда дагы 10 киши окко учту. Бардык беш танкерге от коюлду. Багдадда соода түйүндөрүнүн бириндеги атышууда бир киши окко учту.