НАРЫН. Президенттик администрация башчысы Т.Касымов жана Саламаттык сактоо министри М.Мамытовдун Нарындагы иш сапарынын негизги максаты саламаттык сактоо тармагынын абалын иликтеген кеңешме өткөрүү. Облустук администрациядан алынган маалымат боюнча, президенттин администрация жетекчиси менен министрди Сарыбулак участогунан губернатор Аскар Салымбеков тосуп алып, Атбашы-Ачакайынды көпүрөсүнүн курулушун көрүштү. Андан соң Атбашы райондук ооруканасында жана Карасуу айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунда болушуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен жолугушту. Ал эми 28-сентябрда Нарын районунун Куланак айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен кездешкен соң, Нарын шаарында облустук медицина кызматкерлеринин активи менен жолугушуу өткөрүшөт.