Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:55

Баткен облусундагы саматтыктык сактоонун абалына баа берилди


БАТКЕН. Баткенде саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кеңешмеси болуп, ага вице-премьер министр Токтобүбү Айтикеева, Саламаттык сактоо министринин орун басары Людмила Штейнке, Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев жана облустагы район, шаар, айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышты. Кеңешмеде саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалардын облуста аткарылышы жана бүгүнкү абал боюнча билдирүүлөр жасалып, реформалардын натыйжасында ооруканалар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү, заманбап жабдыктар менен жабдыла баштаганы, балдардын жана энелердин өлүмү акыркы жылдарда эки эсеге кыскарганы белгиленди. Соңку жылдарда бруцеллез, кургак учук оорулары көбөйүп кеткени, таза суунун таңсыктыгынан жугуштуу ичкелте илдети токтобой жатканы, 116 адистик боюнча дарыгерлердин жетишсиздиги, 300дөн ашуун дарыгердин орду бош турганы да айтылды. Жыйын соңунда облус губернатору Аскарбек Шадиев облуста ар кандай жугуштуу оорулардын көбөйүп жатканын белгилөө менен Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилерин облуска көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

XS
SM
MD
LG