БИШКЕК. Кыргызстандын аймагына көмүлгөн радиоактивдүү зат калдыктарын зыянсыздандырууга эл аралык коомчулук менен атом энергетика боюнча эл аралык агенттиктин көмөгү зарыл. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын БУУ жана Венада жайгашкан эл аралык уюмдардагы өкүлү Зейнеп Шаймергенова МАГАТЭнин башкы конференциясынын өткөн жумада болгон сессиясында билдирди. Бул тууралуу бүгүн АКИ-пресс агенттиги кабарлады. Зейнеп Шаймергенова өз сөзүндө кыргыз өкмөтү уу калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу аракетин көрүп жаткандыгын,бирок, ага каражаты менен чамасы жетпесин билдирип, эл аралык агенттиктен көмөк сураган Жогорку Кеңеш депутаттарынын кайрылуусу менен тааныштырды. Учурда Кыргызстандын Майлуусуу, Кажысай, Миңкуш жана Актүз шаар, айылдарынын айланасына көмүлгөн элүүгө жакын уулуу жай бар. Майлуусуу шаарынын жанындагы эң кооптуу жайларды зыянсыздандырууга быйыл Дүйнөлүк банк 12 миллион долларга жакын каражат бөлгөн.