Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

Евразия экономика биримдигинин туруктуу комиссияларынын жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Евразия Экономика биримдигине кирген өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын туруктуу комиссияларынын кезектеги отуруму башталды. Ага Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Любовь Комиссарова, Махмуд Күчүков катышууда. Отурумда аталган өлкөлөрдүн парламент аралык байланышын чыңдоого арналган маселелер талкууланат Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, жыйынга Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Орусия жана Беларустун парламенттинин өкүлдөрү катышууда.

XS
SM
MD
LG