БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт өкүлдөрү маалымат жыйынынын өткөрүшүп, анда Шанхай кызматташтык уюмундагы өкмөт башчыларынын саммити натыйжалуу болду деп баа беришти. Өкмөт башчы Николай Танаевдин айтымында, саммитте 17 багыт боюнча жүздөн ашуун маселе талкууланып, биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Анда негизги маселе эл аралык терроризм, экстремизм жана сепаратизмге биргелешип күрөшүү жолдорун талкуулоо болду. Мындан тышкары уюмдагы мамлекеттердин уюм алкагында жана эки тараптуу кызматташууларын арттырууга негиз берчү жагдайлар каралып, күтүүсүз кырдаалдар болгон кезде өз ара жардамдашуу макулдашылды. Ал эми Казакстандын саммитке келген премьер-министри Даниэл Ахметовменен эки өкөнүн ортосунда «КырКазгаз» аттуу биргелешкен ишкана түзүү тууралуу сүйлөшүү болуп, анда эксперттердин бүтүмүн 15-октябрга чейин бүткөөрү белгиленди. Өзбекстандын вице-премьер министри Уткир Султанов менен газ боюнча сүйлөшүлду. Танаевдин айтымында, Өзбекстан быйыл Кыргызстанга 400 миллион кубметр газ берет.