Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

29-сентябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 29-сентябрда Кыргызстанда күн ачык болуп, батыш тараптан айдарым жел жүрүп турат.

ЧҮЙ облусунда абанын температурасы түнкүсүн +6…+11, түндүк тарабында +1…+6 градус, күндүз +21…+26 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+25 градус.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн +10…+15, ал эми
күндүз +24 градустан +29 градуска чейин ысыйт.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда абанын түнкү температурасы +5…+10 градус жылуу,
чыгышта +1…+6, күндүз +16…+21 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн 0…+5, күндүз +20…+25 градустун айланасында жылуу болушу күтүлөт.
Ордо калаабыз БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап, түнкүсүн +6…+8, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG