Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Плутонийди сатууга аракет жасагандар кармалды


БИШКЕК. Өткөн жумада Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери радиоактивдүү плутонийди сатууга аракет кылган бирөөнү колго түшүрдү. Мындай маалымат бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан алынды. Кармалган адамга карата Кылмыш-жаза кодексининин 239-беренесине ылайык кылмыш иши ачылып, тергөө башкармалыгы иликтөөгө киришти. Анткени плутоний Кыргызстанда такыр колдонулбаган жана радиоактивдүүлүгү боюнча урандан ондогон эсе күчтүү металл.

Тергөөчүлөр азыр плутоний Кыргызстанга кандай максат менен кайдан алынып келингендигин териштирип жатат.

Улуттук коопсуздук кызматы кийинки кезде радиоактивдүү коркунучтуу заттарды сатууга аракет кылгандардын санынын көбөйгөнүнө тынчсыздануусун да жарыя кылды. Аталган кызматтын Чүй облустук башкармалыгы ушул жазда 110 граммдык цезий-137 деген өтө уулуу затты сатууга аракет кылган Арзыкул Усупов менен анын өнөктөшү Атамырза Биалиевди кармаган. Цезий террористтик уюмдар жардыруулар үчүн көп колдонгон металл болгондуктан Усупов өнөктөшү экөө сатып алуучуларды чет өлкөлүк атуулдардын арасынан издешкен.

Кармалгандарга радиоактивдүү металлды мыйзамсыз пайдаланды деген айып коюлуп, Ташкөмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Усупов беш жылга, Биалиев эки жылга түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG